Израил Газадагы балдар ооруканасына сокку урду
Израил Газа секторундагы "Аль-Рантиси" балдар ооруканасына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин оккупациялык аскеринин кечээ, 16-сентябрда "Аль-Рантиси" балдар ооруканасын аткылашын кылмыш катары айыптайт",- деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, Израил оорукананы үч жолу аткылаган. Министрликтин маалыматы боюнча, ооруканада ар түрдүү багытта дарыланып жаткан 80 бейтап болгон, алардын ичинде жандандыруу бөлүмүндө төрт бала жана 8 жаңы төрөлгөн наристе бар болчу.
Аткылоонун натыйжасында 40 бейтап коопсуз жай издеп ооруканадан чыгып кетсе, 40 бейтап ооруканада калган. Ошондой эле ооруканада 30 медициналык кызматкер эмгектенип жатат.
16-сентябрда Израилдин Коргоо күчтөрү Газадагы чабуулун кеңейтти. Ошол эле күнү БУУнун көз карандысыз эл аралык комиссиясы Израилдин Газа секторундагы аракеттерин геноцид деп тааныды. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кая Каллас болсо Израилден Газадагы операцияны токтотууну талап кылып, "катуу кесепеттер" менен коркутту.

