Жанар Акаев тез жүрүүчү жеңил поездди ишке киргизүүнү сунуштады (видео)
Кара-Балта — Бишкек — Балыкчы багыты боюнча тез жүрүүчү жеңил поезддерди ишке киргизүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Ал мындай жол менен борбор калаадагы унаа тыгынын азайтса боло турганын белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, Бишкек 350 миң унаага ылайыкташканы менен шаарда 800 миңге жакын унаа жүрүүдө.
"Жакында Улуу Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга 2 миллиард долларды узак мөөнөттүү насыя катары берүүгө даяр экенин билдиришти. Алар чоң долбоорлорду күтүп жатышат. Бишкек шаарында ылдам жүрүүчү жеңил поезддерди ишке киргизүүнүн планын түзүп чыксак, алар колдойт деп ишенем.
Ошол эле Кара-Балтадан баштап Сокулук аркылуу Бишкекке чейин, андан ары Кант анан Балыкчыга чейин ылдам жүрүүчү жеңил поездди ишке киргизишибиз керек. Ошондой эле Айтматов проспекти, Жусуп Абдрахманов жана Жибек Жолу сыяктуу чоң көчөлөргө жеңил поезддерди каттатышыбыз керек. Азыр автобуска 40 адам батат, а поездге 200-300 адам батып жатат ",- деди Акаев.
Жанар Акаев тез жүрүүчү жеңил поездди ишке киргизүү керектигин айтты




