super.kg logo

Москвада кыргызстандыктарга 3,6 миллион рубль эмгек акы карызы толугу менен төлөндү

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарына эмгек укуктарын коргоодо колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн 16 жараны эмгек акысынын төлөнбөгөндүгү боюнча биргелешип кайрылгандан кийин, өкүлчүлүк тарабынан ООО "Комплекс Инжиниринг" жетекчилиги менен зарыл иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мекендештердин алдындагы эмгек акы карызы толук көлөмдө жабылды. Жалпы төлөнгөн сумма 3 600 000 рублду түздү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгилеп кетет: Москвада социалдык-эмгек укуктары бузулган жарандар тиешелүү консультация жана укуктук колдоо алуу үчүн Орусиядагы министрликтин өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: