super.kg logo
  Саясат  

"Депутаттарда бир эле курал бар" — Элдар Абакиров менен ачык маек

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек берип, учурдагы эң курч маселелер боюнча өз оюн ортого салды. Маекте Абакиров билим берүү, жеке менчик корголушу, сөз эркиндиги, саясий басымдар жана жаштар саясаты тууралуу түз суроолорго ачык жооп берди.

“Биздин колубузда бийлик жок, эч кимди кызматка коюп же ала албайбыз. Депутат катары биздин бир эле куралыбыз бар - бул сөз", - деди эл өкүлү.

Ал айрыкча төмөнкү темалар боюнча курч, конструктивдүү позициясын билдирди:

  • Мамлекеттик менчик жана ишкерлердин укугу: “Менчик корголбойт деген өлкөдө эч ким ишкерлик кылгысы келбейт. Бүгүн кимдир бирөөнүн бизнесин тартып алса болот деген түшүнүк күч. Бул өнүгүүгө балта чабат.”

  • Билим берүү тармагындагы реформалар: Мектептерге психолог киргизүү, медреселерде светтик билим берүү боюнча демилгелерди сунуштап жатат.

  • Саясий басымдар: “Кээде каршы пикир айтсаң — оппозиция дей салышат. Бирок эл үчүн иштейм десең, баарына жагыш кыйын.”

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: