Ошто адам жүзүн таануучу видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда








Бүгүн, 17-сентябрь күнү Ош ОИИББинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен Ош облусунун аймагындагы фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүмчөнүн жетекчиси Салмоор Шералиев конокторго коомдук жайларда орнотулган адамдын жүзүн таануучу видео көзөмөл камераларынын иштөө тартибин жана алардын натыйжалуулугун көрсөтүп берди.
Аны менен катар тартип сакчылары дарыканаларда синтетикалык баңгизаттардын сатылуусу, айрыкча жаштар арасында көз карандылыкты жараткан дары-дармектердин колдонуунун кесепеттери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат беришти.
Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү каражат табылса коопсуздукту заманбап, санарип ыкма менен камсыз кылуу үчүн адамдын жүзүн таануучу видеокөзөмөл орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышарын билдиришти.
Белгилей кетсек, иш-чара өлкөнүн "Укук бузуулардын алдын алуу" жөнүндөгү 60-мыйзамын жана "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" 103-мыйзамдарын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-09-17
19:45
2025-09-17

19:00
2025-09-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.