АКШда үч үй-бүлө жасалма интеллект компаниясына доо койду
АКШда үч баланын ата-энелери Character.AI’ди иштеп чыгуучусу Character Technologies Inc. менен Google’ду сотко беришти. Алар балдарынын өз жанын кыюусуна же аракетине бул колдонмо себеп болгонун айтышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, сот документтеринде чат-боттор балдарды ата-энесинен алыстатып, эмоциялык манипуляция жасап, сексуалдык мүнөздөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Колорадо ишинде 13 жаштагы Жулиана Пералта "суицид катын жазам" деп сүйлөшкөнү, бирок жардам ала албаганы көрсөтүлгөн.
Character.AI "колдонуучулардын коопсуздугу маанилүү" деп билдирди. Google Character.AI менен байланышы жоктугун маалымдады.
Бул иштер АКШда жасалма интеллект чат-ботторунун өспүрүмдөргө тийгизген таасири боюнча жөнгө салууну күчөтүү чакырыктарын арттырды.

