Сот Тилекмат Куреновдун абактагы мөөнөтүн узартты
Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектин Ленин райондук соту жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн 19-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.
Адвокат учурда Куренов Бишкектеги №21 тергөө абагында (ред.: эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет) кармалып жатканын жана анын абалы жакшы экенин айтты.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевге байланыштуу айтылган дооматтар боюнча комментарий берди.
Белгилей кетсек, Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.