super.kg logo

Бишкектин тургуну 14 жашар кызынын майып болуп калышына дарыгерлерди айыптоодо

 
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бишкек шаарынын С.З. аттуу тургуну жашы жете элек кызынын укуктарын коргоп берүүнү жана дарыгерди жоопко тартууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, тургун 14 жашар кызынын майып болуп калышына дарыгерлерди айыптайт.

С.З. 2024-жылдын 11-октябрь айында 13 жашар кызынын бети шишип кеткендиктен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнө жаткырганын айтты. Кыздан бардык зарыл болгон анализдер алынып, ага “Нефротикалык синдром” деген диагноз коюлган. Кыз ооруканада эки жума дарыланган. Ооруканадан чыккандан бир жума өтпөй түнү буту катуу ооруп, тизеден ылдый муздап калган.
Аял дароо эле кызды ооруканада караган дарыгер Б.Н.га байланышып, абалды айтып берген. Бейтап кайрадан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнө жаткырылат.

Эки күндөн кийин өспүрүмдүн бутун узи-доплерден өткөрүп, “эч кандай патология жок” деп чыгарышкан. Ага бир курс кальций жазылган.

“Мен дарыгер Б.Н.дан кызымдын буту дагы эле муздак болуп турганын айтып, көңүл буруп коюусун сурандым. Ал кошумча кароодон баш тартып, алып жаткан дарылары таасир этиши керектигин айтып, “менин ишиме тоскол болбоңуз” деп койгон. Беш күн бою менин кызыма вена аркылуу кальций беришти. Бирок, так диагноз коё алышпай, кызымдын акыбалы начарлап, катуу оорудан улам уктай да, тамак жей да албай калды”,- деп ыйлайт аял.

9-ноябрда кыз эс-учун жоготуп койгон. Ошондон кийин, башка дарыгер дарылоо туура болбой, диагноз дагы туура эмес коюлган болушу мүмкүндүгүн билдирген. Дарыгерлер кызды кайра УЗИге жөнөтүшкөн. УЗИ кыздын бутунда тромбоз (кан уюп калган) бар экенин аныктап, өспүрүмдү шашылыш түрдө Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургия бөлүмүнө жиберишкен.
Улуттук госпиталда ыкчам консилиум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында кан айлануу калыбына келет деген үмүт менен консервативдүү дарылоо жүргүзүү чечими кабыл алынган.

“Консилиум 10 күндүк курс менен эки дары жазып берип, бизди кайрадан буга чейин дарыланган оорукананын нефрология бөлүмүнө жөнөттү. Бирок кызымдын абалы күндөн-күнгө начарлап жатты. Буту катуу ооруп, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди гана ичип калды”,- дейт эне.

Анын айтымында, кызынын салмагы 46 килограммдан 33-32 килограммга чейин түшүп, кан тамырлары дээрлик байкалбай калган.

Консилиумдан эки жума өткөндөн кийин, 25-ноябрда кыздын буту толугу менен көгөрүп кеткенден кийин гана, дарыгерлер бейтаптын бутун толугу менен кесип салуу керектигин айтышкан.

Аял жергиликтүү дарыгерлерге ишенбей калгандыктан, ошол эле түнү туугандарынан акча чогултуп, кызын Түркияга алып кетет.

Түркияда өспүрүмгө тромбдорду алып салуу операциясы жана бутун сактап калуу аракеттери жасалган. Бирок кеч болуп калгандыктан кыздын бутун тизеден ылдый кесүүгө туура келген. Жети ай ичинде кыз 10 оор операцияны башынан өткөргөн. Ага 60 миң доллар сарпталган. Учурда кыздын бутуна кымбат протез керек, ал эми апасы кызын карап иштей албай олтурат.
Аял Түркиядан кайтып келгенден кийин, июль айында УКМКга жана Ленин райондук прокуратурасына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысын жана башка дарыгерлерди жоопко тартуу тууралуу арыз жазган.

Ошондуктан, аял Акыйкатчыга көз карандысыз медициналык экспертиза жүргүзүүгө жана кылмыш ишин козгоого көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган.

Жамиля Жаманбаева Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигин комиссия түзүп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин диагноз коюу жана дарылоо ыкмасынын туура жана тактыгына кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кыз менен энесине психологиялык жардам көрсөтүү үчүн расмий кат жолдоду. Агартуу министрлигине кызга онлайн окутууну уюштуруу үчүн расмий кайрылуу жөнөттү.

Мындан тышкары, ИИМге да С.З.нын арызы боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын маалымдоону сурап, кат жиберилди. Анткени УКМК бул ишти ИИМге өткөрүп берген. Азыр бул иш Ленин РИИБинде каралып жатат.

Мындан сырткары, акыйкатчы Түркиянын омбудсмени Мехмет Акаржага кайрылып, өспүрүмдүн оорусуна байланыштуу медициналык анализдерди жана корутундуларды алууга көмөктөшүүнү суранды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: