Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштургандар кармалышты









Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштургандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кумар оюндарын өткөрүү үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып келишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана аны уюштурган жарандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Ал эми шектүү делген 25 жаштагы М.Б., 36 жаштагы К. Э., 44 жаштагы Т. Ю., 38 жаштагы С. Г., 31 жаштагы И.Ж. аттуу жарандар камакка алынышты. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштургандар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:45
2025-09-17

19:00
2025-09-17

15:14
2025-09-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.