OpenAI өспүрүмдөр үчүн ChatGPT’де коопсуздукту күчөттү
Калифорнияда өспүрүм өз өмүрүнө кол салгандан кийин OpenAI ChatGPT үчүн жаңы жаш текшерүү системин киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 18 жашка чейинкилер контенти чектелген версияны колдонот жана кошумча коопсуздук чаралары, анын ичинде ата-энелердин көзөмөлү каралган.
Систем сексуалдык контентти, флиртти чектейт жана өз өмүрүн кыюу темаларын талкуулабоого багытталат. Стресстүү абалдагы колдонуучулар үчүн ата-энелерге же зарыл учурда органдарга кабар берүү каралган.
Бул чаралар өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана трагедиялардын алдын алуу максатында жасалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2025-09-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.