Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Аны ким тосуп алды?











Бүгүн, 17-сентябрда Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Жевдет Йылмаздын президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары ал соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.
Ал эми 18-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жолугушуусу болот.



