super.kg logo

Акыркы 9 айда чет өлкөдөн 327 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

 

Чет өлкөдөн 327 кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Чет өлкөгө жарандарды жумушка орноштуруу борборунун директору Бакыт Кудайбердиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алардын 225и Орусиядан, ону АКШдан алып келинген.

"Чет жерде каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүү иштерин борбор өз көзөмөлүнө алат. 2021-жылдан бери маркумдун туугандарынын кайрылуусу менен сөөгүн мекенге жеткирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт", - деп кошумчалады ал.

Сөөктү алып келүүнүн чыгымдары:

  • АКШдан – 13 миң доллар

  • Казакстандан – 300 доллар

  • Түркиядан – 1200 доллар

  • Орусиядан – 70 миңден 120 миң рублга чейин






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: