super.kg logo

Адвокат Турдуев: "Эмил Жамгырчиев Тилекмат Куреновдун паспортун алган эмес"

 

Тергөө абагындагы жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) жактоочусу Айбек Турдуев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевге байланыштуу айтылган дооматтар боюнча комментарий берди.

"Бул болгону шектенүүлөр болчу. Азыркы учурда бул шектенүүлөр тастыкталган жок. Ошондуктан Эмил Жамгырчиев паспортун уурдап кетти деп айта албайбыз. Андыктан Жамгырчиевге карата эч кандай дооматтар жок", - деди адвокат.

Учурда Бишкектин Ленин райондук сотунда Куреновдун бөгөт чарасы каралууда.

Эске салсак, ал БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алган.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол убакта АКШда экенин айткан. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти кескин сындап жүргөн.

2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Куренов ошондон бери Дубайда жүргөн.






Ленин райондук соту 17.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: