super.kg logo

"Кооптонуунун зарылчылыгы жок". Орунбеков "Ош Сити" долбоору боюнча маалымат берди (видео)

 
Ош шаарында "Бизнес Хаус КГ" компаниясы ишке ашырып жаткан «Ош Сити» долбоору боюнча талкууларга Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалымат берди.
Анын айтымында, жаралган талаш-тартыштар, батир сатып алууга кызыкдар болгон кардарлар арасында да шектенүүлөрдү жаратты. Андыктан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери өз нугунда жана план боюнча жүрүп жатканы аныкталды.
"Компания тарабынан социалдык объектилер курулуп, аларды мамлекетке өткөрүп берүү милдеттендирилген. 2025–2030-жылдары 1000 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектарга парк, 700 орундуу мектеп курушат. Жаңы-Барак айылында көп кабаттуу турак үйү түшөт, шаардагы мектептердин терезелерин жаңылоо, спорт аянтчалары, тоннель, тротуарлар жана башка жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, мамлекетке 27 даана атайын техника тапшырылат. Бул иштердин жалпы наркы 283 миллион 101 миң 926 долларды түзөт. Андыктан эч кандай кооптонуунун зарылчылыгы жок. "Ош Сити" долбоорундагы иштер белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда", - деп билдирди Орунбеков.
Бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жайлар сатылып, андан 13,2 миллион доллар каражат түшкөн. Компания долбоорго өз каражатынын эсебинен 57,8 миллион доллардан ашык инвестиция жумшаган.
Эскерте кетсек, 13-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде “Ош Сити” турак жай комплексинин курулуш иштерине нааразычылыгын айтып, компаниянын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштаган.





Орунбеков "Ош Сити" долбоору боюнча маалымат берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: