Айдоочунун өмүрүн алган Эки-Нарындагы убактылуу салынган көпүрө пайдаланууга берилди (видео)
Нарын районуна караган Нарын–Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрө ачылып, каттам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди."Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтерин коюу иштери аткарылат. Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан жасалып, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Аталган аймакта ГЭС куруу пландалгандыктан, көпүрө убактылуу салынганын белгилейбиз", - деп кабарланды.
Эске салсак, Эки-Нарын айылын облус борбору жана коңшу айылдар менен байланыштырып турган көпүрө 13-августта Нарын дарыясына кулаганы белгилүү болгон. Кырсык жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда болгон. Айдоочунун сөөгү 15-августта табылган.
Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн урашына өз убагында чара көрбөй келди деген жүйө менен жергиликтүү бийликти айыптап келет.
Айдоочунун өмүрүн алган Эки-Нарындагы убактылуу көпүрө пайдаланууга берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















