super.kg logo

Жунушалиев №56 мектепти текшергенден кийин эки чиновник жумуштан алынып, калгандары жазаланды

 

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №56 орто мектепти, №39 гимназияны, №117 жана №87 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жеринде текшерип чыкты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, №56 мектептин кейиштүү абалы тууралуу маалыматтар буга чейин социалдык тармактарга тарап, текшерүү учурунда тастыкталган.

Жыйынтыгында Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Садыкова жана райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Байгулов ээлеген кызматынан бошотулду. Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевге эскертүү берилди. Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева менен Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева тартиптик жазага тартылды.

Шаар мэри №56 мектептеги бардык аныкталган кемчиликтерди 22-сентябрга чейин жоюуну тапшырды, анын ичинде мектептеги тротуарларды оңдоо, жашыл аянтчаларды калыбына келтирүү, спорт залдагы жарыктандырууну алмаштыруу, жертөлөлөрдү жабуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолорду орнотуу.

Мындан тышкары текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаар башчысы №56 мектептин шарттарын жакшыртуу боюнча чукул чараларды көрүүнү жана келерки жылдын капиталдык оңдоо иштеринин тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Бул муктаждыктарга мэрдин резервдик фондунан кошумча каражат бөлүнүп, мектеп окуучулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлөт.

Шаар башчысы кыдыруу учурунда №39 мектеп-гимназиясын, №117 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмун жана №87 бала бакчаны да текшерип, андан соң оңдоо иштерин тездетүүнү жана коопсуздук эрежелерин так сактоону талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: