Александр Лукашенко өзүнүн ордуна өлкө башчысын издеп жатканын айтты
Беларус президенти Александр Лукашенко 17-сентябрда келечекте өз ордуна келе турган адамды издөөдө экенин билдирди. Ал өлкө башчысы болууга ар бир эле адам жарабай тургандыгын билдиргенин чет элдик басылмалар билдиришти.
Ал президент болгон адам толугу менен элге жана мамлекетке кызмат кылууга даяр болушу керектигин кошумчалады.
"Президент болгуңуз келсе, жеке жашоо тууралуу унутуңуз. Андай түшүнүк болбошу керек", - деди Беларус лидери.
Ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен, өлкө башында тажрыйбалуу, күчтүү, аскер кызматын өтөгөн адам турушу керектиги эскертилди.
Лукашенко буга чейин кийинки шайлоого катышуу ниети жок экенин билдирген жана уулу Николай да президенттикке талапкер болбой турганын тактаган. Ал 1994-жылдан бери 6 ирет президент болуп шайланды.

