АКШ Сенатында биринчи жолу Израилдин Газага кол салуусу сынга алынды
АКШнын Вермонт штатынан шайланган көз карандысыз сенатор Берни Сандерс Израилдин Газа секторундагы аскердик аракеттерин "геноцид" деп атап, Сенатта бул боюнча биринчи болуп ачык сын айткан саясатчы болду. Бул тууралуу Politico басылмасы билдирди.
Ошондой эле Сандерс АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун "этникалык тазалоо саясатын" колдоду деп айыптады.
Сенатордун айтымында, АКШ өкмөтү палестиналыктарды кошуна өлкөлөргө "ыктыярдуу түрдө көчүрүүнү" сунуштап, бул Трамптын "Жакынкы Чыгыш Ривьерасы" деген "бузулган түшүнүгүн" ишке ашыруу үчүн жасалууда.
Буга чейин Израил армиясынын эки дивизиясы Газа шаарынын ичине кирип барганы тууралуу кабарлар чыккан.
16-сентябрдын түнүндө Израил армиясы 20 мүнөттүн ичинде 37 аба соккусун жасаган. Соккуларда тик учактар, учкучсуз учуучу аппараттар жана артиллерия колдонулган. Израил армиясынын расмий өкүлү, бригадалык генерал Эфи Дефриндин айтымында, Газа шаарын толук көзөмөлгө алуу Израил аскерлерине бир нече айга созулушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















