super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таиланддын полициясы менен камбоджалыктардын ортосунда кагылышуу болду (видео)

 

Таиланддын полициясы эки өлкөнүн чек арасында тосмолорду орнотууга жол бербөөгө аракет кылган Камбоджанын жарандарына каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонду. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазышты.

Окуя Таиланддын Камбоджа менен чектеш Сакэу провинциясында болгон. Таиланддын бийлиги аймакка коопсуздук тосмолорун орнотууга аракет кылганда камбоджалык көп сандаган демонстранттардын каршылыгына туш болушкан. Алардын көбү жыгач таяктар менен куралданган. Мындан улам полиция жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонууга аргасыз болгон.

Эске салсак, Таиланд менен Камбоджанын ортосунда куралдуу кагылышуу 24-июлда орун алган. Эки өлкө август айынын башында ок атышууну токтотуу режимин сактоо боюнча 13 пункттан турган макулдашууга кол коюшканы айтылган.






Таиланд менен Камбоджанын чек арасында жаңы кагылышуулар болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: