"Келет, иштейт, кетет". Орусияда мигранттардын принциби тууралуу айтылды
Орусия мигранттарды тартууда жаңы ыкмага өтүп, кайтарым миграция моделин киргизүүдө. Бул тууралуу Орусиянын экономика министри Максим Решетников Сочиде өткөн пленардык жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, эгерде өлкөдө кадр тартыштыгы сакталып турса, мигранттарды тартууга туура келет. Бирок жаңы ыкма боюнча мигранттар убактылуу гана иштөө үчүн келип, анан кайра кетиши керек.
"Биз баштаган процессти аягына чыгарышыбыз керек. Биз мигранттарга "келет, иштейт, акча табат, кетет" деген принцип менен карайбыз. Баары адилеттүү. Бизге бул жерде алардын үй-бүлөлөрү, мектептерде окуусу сыяктуу маселелер керек эмес. Мигрант иштеп, акчасын таап, кайра мекенине кайтышы керек", — деди Решетников.
Ал ошондой эле Орусия мигранттарга узак мөөнөттүү таянууга даяр эмес экенин кошумчалады. Буга байланыштуу өкмөттүн башкы максаты — жергиликтүү калктын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн платформалык экономиканы эске алган атайын долбоор даярдалган.
Эске салсак, 1-сентябрдан тарта Москвада жана Москва облусунда жаңы эксперименттик система, тагыраагы, "Амина" мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул программа аркылуу визасыз өлкөлөрдөн келген мигранттар өз дарегин көрсөтүп, геолокацияга уруксат берүүгө милдеттүү. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда мигрант каттоодон чыгарылышы мүмкүн жана көзөмөлгө алынуучу адамдардын тизмесине киргизилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















