Жалал-Абад шаарынын мэри калаа Манас аталышын алганын жарыялады (видео)
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жергилктүү кеңештин жыйынында калаанын аталышын Манас деп жарыялады.
"Манас шаары болуп аталдык. Ушуну менен сиздерди куттуктап кетейин. Эми Манас шаарынын депутаттары, органдары болуп, биз Манастын атын ыйык сактап жүрүүбүз керек", - деди ал.
Айта кетсек, кечээ, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.
Кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун таап, Министрлер кабинети шаардын атын өзгөртүүдө мамлекет 15 миллион сомдук чыгым кетирерин билдирди.
Жалал-Абад шаарынын мэри калаа Манас аталышын алганын жарыялады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















