The Times: Британия Палестинаны мамлекет катары тааныйт
Британ өкмөтү АКШнын президенти Дональд Трамптын мамлекеттик сапарынын аякташынан кийин Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин кабыл алат. Бул тууралуу The Times басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, Британиянын премьер-министри Кир Стармер Трамп кеткенге чейин чечимди жылдырган. Чечим 18-сентябрда пландалган биргелешкен маалымат жыйынында бул маселени талкуулабоо максатында кабыл алынган.
АКШ расмий түрдө Палестинаны таанууга каршы чыгып келет. Дональд Трамп мындай кадамды ХАМАС уюмуна сыйлык берүү катары баалаган.
The Times кабарлагандай, Лондон Палестинаны таануу тууралуу чечимди БУУнун Жалпы Ассамблеясынын жыйыны башталардан мурда жарыялоону пландап жатат. Ошондой эле Франция, Канада жана Австралия да Палестинаны таануу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















