super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев өкмөттү Орусиядагы мигранттардын балдарын окутуу боюнча маселени чечүүгө чакырды

 

Депутат Жанар Акаев өкмөттү Орусияда эмгектенген мекендештердин балдарынын окуусу боюнча маселелерди чечүүгө чакырды.

Ал бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек мигранттарынын балдарынын көпчүлүгү окууга өтө албай жатышканын белгилеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

"Орусияда жаңы мыйзам чыгып, мигранттардын балдары мектептерге экзамен аркылуу кирип калышты. Алардын балдарынын көпчүлгү экзаменден кулап калып жатат. Биз бул боюнча сүйлөшүүлөргө барып, маселени чечишибиз керек. Биздин балдарыбыздын билимге болгон укуктары бузулуп жатат. Алар "жок дегенде Кыргызстан менен байланышып, онлайн окуйлу" деп суранып жатышат", - деди Акаев.






Жанар Акаев өкмөттү Орусиядагы мигранттардын балдарын окутуу боюнча маселени чечүүгө чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: