super.kg logo

Жасалма интеллект келечектеги оору коркунучтарын алдын ала айта алат

 

Европа Молекулярдык биология лабораториясы, Германиянын Ракты изилдөө борбору жана Копенгаген университетинин окумуштуулары жаңы "Delphi-2M" аттуу жасалма интеллект моделин иштеп чыгышып, адамдардын кийинки 10 жыл ичинде жуктуруп калышы мүмкүн болгон ооруларды болжолдой алышарын изилдешти. Изилдөө натыйжалары Nature журналына жарыяланды.

Маалым болгондой, модель медициналык маалыматтарды колдонуп, ооруларды аба ырайын болжолдоого окшош ыкма менен алдын ала айтып бере алат.

Жасалма интеллект 400 миңден ашык британдыктын медициналык жазуулары боюнча үйрөтүлүп, дагы башка катышуучулардын жана Даниядагы 1,9 миллион адамдын маалыматтары менен текшерилген. Изилдөөгө катышкан окумуштуулар, моделдин өзгөчө 2-баскычтагы кант диабети, жүрөк ооруларын жана сепсис сыяктуу ооруларды так болжолдой аларын белгилешкен.

Модель азыр клиникалык колдонууга даяр эмес, бирок жогорку тобокелдиктеги бейтаптарды аныктоодо жана алдын ала дарылоого жардам бериши мүмкүн. Келечекте бул технология медициналык мекемелерге ооруларды пландоого да көмөк көрсөтөт. Модель мындан ары генетика, кан анализи жана сүрөттөп текшерүү сыяктуу кошумча медициналык маалыматтарды камтышы үчүн жаңыртылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: