super.kg logo

Маркумду контейнерге жашырып, кийин сууга ыргыткан... Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

 

Эки жыл мурун жасалган адам өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2023-жылдын 1-ноябрында саат 19:00 чамасында Бишкекте болгон. Шектүү 37 жаштагы жаранды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң ал кылмыштын изин жашыруу үчүн денени полиэтилен менен ороп, курулуш объектисинин аймагындагы коммуналдык контейнерлердин бирине көпкө жашырган. Кийин ал сөөктү унаасы менен алып чыгып, БЧКга аккан сууга ыргытып салган. Ал эми маркум ал жылдан бери дайынсыз жоголгон болуп жүргөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.






Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: