Ырчы Иса Өмүркулов өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калды (видео)
Белгилүү ырчы Иса Өмүркулов Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин 8-кабатынан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калды. Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Окуя кечээ, 17-сентябрда саат 17:00 чамасында болгон. Видеодон кыздын өз жанын кыюуга аракет кылганын көрүүгө болот. Имараттын айланасында тургундар чогулуп, кызды токтотууга аракет кылышкан. Андан соң Өмүркулов 8-кабатка чыгып, кызды куткарып калган.
"Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мен жетиштим",- деп жазган ырчы мырза.
Учурда бул окуя интернетте кызуу талкууланууда.
Ырчы Иса Өмүркулов 8-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















