Депутат акыйкатчыга социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып турууга кеңеш берди (видео)
Депутат Эмил Токтошев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага социалдык тармактарда түз эфирге чыгып туруу кеңешин берди.
Ал бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарга укуктук сабаттуулукту жеткирүү маанилүү экенин белгиледи.
Жаманбаева радио эфирлерге чыгып, аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатканын айтты. Эл өкүлү заманга ылайык социалдык тармактардагы түз эфир натыйжалуу болорун билдирди.
"Радиону эч ким укпайт. Аймакта жолугушууда ашып кетсе 1000 кишиден 10 киши келет. Азыр социалдык тармактар абдан өнүккөн. Сиз эмне үчүн түз эфир кылбайсыз? Сиздин кемчилигиңиз ушул. Аптасына үч жолу чыксаңыз болот", - деди эл өкүлү.
Дептутат акыйкатчыга социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып турууга кеңеше берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















