Кыргызстанда ар бир экинчи студент окутуучуларга акча берет
“Кыргызстанда ар
бир экинчи студент окутуучуларга акча берет” деп билдирди бүгүн, 16-январда билим берүү жана илим министри Канат Садыков орто окуу жайлардын жетекчилери
жана студенттери менен болгон жолугушуу учурунда.
Автор: Дамира Арстанова
Министрдин айтымында, билим берүү тармагында коррупция башка тармактарга
караганда алда канча жайылган. Мамлекеттик ведомстволор арасында 3-орунда турат. Өткөн жылы 100 миң студент окутуучуларга пара берген.
"Мен жакын арада эле борбордогу студенттер менен бир нече жолугушуу өткөрдүм. Алар министрлик тарабынан коррупцияга анча көңүл бурулбай жаткандыгын айтышты",- деди министр.
Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча Кыргызстанда учурда 230 миң студент бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

