super.kg logo

Макрон жубайы Брижиттин аял экенин далилдөө үчүн сотко далилдерди сунуштайт

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана анын жубайы Брижит Макрон АКШдагы сотко Брижиттин аял экенин тастыктаган сүрөттөрдү жана илимий далилдерди берүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу Макрондордун адвокаты Том Клэр билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Соттук териштирүү АКШнын оңчул активисти Кэндис Оуэнске каршы козголгон. Ал социалдык тармактарда: "Брижит Макрон чындыгында эркек болуп төрөлгөн, анын чыныгы аты Жан-Мишель Тронье болгон", - деп билдирүү жасаган.

Адвокат Том Клэрдин айтымында, бул билдирүүлөр Брижит Макрон үчүн өтө оор болгон.

"Сотко илимий негиздеги эксперттик корутундулар жана далилдер берилет. Алардын арасында Брижиттин боюнда бар кезиндеги сүрөттөр жана балдары менен тартылган сүрөттөр да бар. Бул сүрөттөр бар жана алар сотко көрсөтүлөт", — деди Клэр.

23-июлда Financial Times басылмасы Макрон жана анын жубайы Кэндис Оуэнске каршы Делавэр штатындагы сотко 218 беттен турган доо арыз бергенин билдирген.

Бул арызда Оуэнс "чындыкка дал келбеген, ушак-айың жана каралоо мүнөзүндөгү" билдирүүлөрдү тараткан деп айыпталат. Алардын ичинен негизгиси — Брижит Макрон эркек болуп төрөлгөнү тууралуу жоромол.

Париждеги сот буга чейин Брижит Макрон тууралуу ушундай доомат айткан башка журналистти актaган. Кэндис Оуэнс болсо бул иш боюнча соттошууга даяр экенин айтууда.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: