Ташиев Манас шаарын борбор кылуу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтты (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын атын Манас кылып өзгөртүү тууралуу пикирин билдирди. Анын берген маегин УКМКнын маалымат кызматы жарыялады.
Атайын кызматтын башчысы эми Манас шаары борбор болот экен деген кептерге да токтолуп, азырынча андай демилге көтөрүлбөгөнүн белгиледи.
"Азыр жетекчиликтин же саясатчылардын Манас шаарын борбор кылуу тууралуу ойлору жок. Бирок Манас шаары Кыргызстандын борбору деп аталып калса, бул сонун болмок. Азырынча андай маселе эч жерде көтөрүлгөн жок. Эгерде андай маселе көтөрүлө турган болсо, анда аны эл чечиши керек. Аны саясатчылар, жетекчилер же качы бир топ чечпеши керек", - деди Ташиев.
Ал ошондой эле шаардын атын өзгөртүү өзүнүн идеясы болгонун билдирди.
Ташиев Манас шаарын борбор кылуу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















