Трамп Улуу Британиянын падышасына Эйзенхауэрдин кылычынын көчүрмөсүн белек кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Улуу Британияга болгон мамлекеттик сапары учурунда падыша Карл IIIкө америкалык легендарлуу генерал Дуайт Эйзенхауэрдин кылычынын көчүрмөсүн белекке тартуулады. Бул тууралуу Sky News Букингем сарайына шилтеме берүү менен билдирди.
Sky News белгилегендей, бул белек Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш үчүн өтө маанилүү болгон тарыхый өнөктөштүктүн символу катары тандалган. Эскерте кетсек, Эйзенхауэр 1944–1945-жылдары Батыш фронтунда союздаш күчтөрдүн башчысы болгон жана Нормандияга десант түшүрүү операциясын жетектеген. Ал 1953–1961-жылдары АКШнын президенти болгон.
Падыша Карлдын жубайы Камиллага Дональд Трамп Tiffany & Co. компаниясынын кийимге кадай турган зер буюмун белек кылды. Ал 18 караттык алтындан жасалып, бриллиант жана рубин таштары менен кооздолгон гүл формасында иштелип чыккан.
Дональд Трампка жооп иретинде булгаарыдан жасалган кол жазма китеп белекке берилди. Ал 1776-жылдын 4-июлунда кабыл алынган АКШнын Эгемендүүлүк декларациясынын 250 жылдыгына арналган. Китеп Виндзор сарайындагы Королдук басмаканада атайын даярдалган. АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка болсо күмүштөн жана эмалдан жасалган чөйчөк берилди, анын бетинде АКШнын биринчи айымынын жеке символу түшүрүлгөн. Ошондой эле британ дизайнери Ани Хиндмарч жасаган жеке жазуусу бар кол сумка белекке берилди.
Эске салсак, Трамп 16-сентябрда Улуу Британияга мамлекеттик сапары менен келген.
