super.kg logo

Израил менен Сирия коопсуздук жаатында келишим түзүшөт

 

Израил жана Сирия 2025-жылдын аягына чейин аскердик жана коопсуздук тармагында бир нече келишимге кол коюшат. Бул тууралуу AFP кабарлады.

"Израил менен сүйлөшүүлөрдө жылыш бар. Жыл аягына чейин, эң оболу, аскердик жана коопсуздук жаатында бир нече келишимдерге жетишилет", — деп айтылат маалыматта.

Азырынча келишимдердин так мазмуну же шарттары тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Буга чейин америкалык Axios басылмасы Израил Сирияга коопсуздук жаатындагы жаңы келишимди сунуштаганын, ал 1979-жылы кабыл алынган Израил–Египет тынчтык келишиминин негизинде түзүлөрүн кабарлаган.

Мындан тышкары 6-сентябрда Израилдин Коргоо армиясы Сириянын түштүгүндө жайгашкан Бир-Ажам жана Брейга кыштактарын радикалдуу топтордон тазалаганын билдирген. Операция израилдик учкучсуз учуучу аппараттар менен жүргүзүлгөн.

Израил соңку жылдары Сирияга бир нече жолу десант жөнөтүп, жергиликтүү тургундарды кармаган учурлар катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: