Кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлерге Ош жана Жалал-Абад облустарынан азык-түлүк жана керектүү нерселер жеткирилди
Ош жана Жалал-Абад облустарынын Чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арадагы кесиптештерине жардам берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, 15-январда Баткен облусуна азык-түлүк жана керектүү нерселер жеткирилди. Ош облусунун тургундары аймактык чек ара башкармалыгынын акциясын колдошту.
"КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлерге жардамын сунуш кылган жарандарга ыраазычылыгын билдирет" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

