29 саатка созулат. Дүйнөдөгү эң узак түз аба каттамы ишке киргизилди
China Eastern Airlines авиакомпаниясы Шанхайдан Буэнос-Айреске түз уча турган дүйнөдөгү эң узак аба каттамына билет сатууда. Бул маршрут "дүйнөдөгү эң узак түз каттам" деп аталууда. Каттам жумасына эки жолу Boeing 777-300ER учагы менен аткарылат.
Авиакомпания бул багытты Азия-Тынч океан аймагы менен Түштүк Американы байланыштырган "Аба Жибек Жолу" деп да атады.
Аргентинанын борбору Буэнос-Айреске чейин учуу 25,5 саат, ал эми кайра кайтуу багыты боюнча 29 саатка созулат. Маршрут Жаңы Зеландияда эки саатка токтойт. Бул аралыкта жүргүнчүлөр эс алып алышат.
Азыркы тапта дүйнөдөгү эң узак үзгүлтүксүз каттам Singapore Airlines тарабынан аткарылат. Анда Сингапурдан Нью-Йоркко чейин 18 саат учууга туура келет. Бул багытты жыл сайын 65 миңге жакын жүргүнчү колдонууда.
