super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды

 

Бүгүн, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана вице-президенттерин кабыл алды.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, уюмдун алкагында кызматташуу өнүгүүнүн маанилүү баскычы..

Садыр Жапаров өз сөзүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ырааттуу өнүгүп келе жаткан соода-экономикалык мамилелерди өзгөчө белгиледи. Бул контекстте ал Түрк инвестициялык фондунун экономикалык интеграциянын натыйжалуу куралы катары маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, анын иш-аракетин өкмөт башчылардын деңгээлинде активдештирүү зарылдыгына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде делегация башчылары мындай байланыштар Уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө жана интеграциялык процесстердин тереңдетилишине өбөлгө түзөрүн баса белгилешип, Кыргызстан ТМУга ийгиликтүү төрагалык кылганын ырасташты жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууда жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы практикалык кызматташууга жаңы дем берерине үмүт артышты.

Жолугушууга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: