300 метрлик астероид Жердин жанынан учуп өттү
2025 FA22 аттуу астероид бүгүн, 18-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 13:41де Жердин жанынан 800 миң чакырым алыстыктан учуп өттү. Бул тууралуу Күн астрономиясы лабораториясы кабарлады.
Бул асман телосу мурда Европа космостук агенттигинин эң коркунучтуу объекттер тизмесинде турган. Астероиддин болжолдуу өлчөмдөрү — 130 метрден 290 метрге чейин жетет.
Кийинки жолу бул астероид 2036-жылдын 20-августунда Жерге жакын өтөт, бирок анда ал учурдагыдан 25 эсе алысыраак аралыкта болот. Лаборатория кооптуу жакындоолор 2089 жана 2173-жылдары болушу мүмкүн экенин айтууда.
Астероид Жердин жанынан өтүп кеткенден кийин Күндөн алыстап, карама-каршы багытта учуп кетет. Бул анын толугу менен жарыктанып, астрономдор үчүн байкоо жүргүзүүгө ыңгайлуу абалда болорун билдирет. Бирок астероидди жөнөкөй телескоптор менен көрүү мүмкүн эмес, аны байкоо үчүн апертурасы 30 сантиметрден кем эмес кесиптик телескоп керектелет.
