Париждеги башаламандыкка байланыштуу Эйфель мунарасы жабылды
Бүгүн, 18-сентябрда Францияда өтүп жаткан ири нааразычылык акцияларынан улам Эйфель мунарасы зыяратчылар үчүн жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"18-сентябрдагы жалпы улуттук иш таштоого байланыштуу Эйфель мунарасы азырынча жабык", — деп айтылат билдирүүдө.
18-сентябрда Франциянын ички иштер министри Брюно Ретайо өлкө боюнча 230 нааразычылык акциясы катталганын, анын жүрүшүндө 95 объект жабылганын билдирди. Анын айтымында, бейшемби күнү эртең менен 58 адам, алардын ичинен 11и Парижде кармалган.
Париждин полиция башчысы Лоран Нуньес бул нааразычылыкка өлкө боюнча 900 миңге чейин адам катышат деп күтүлүп жатканын айтты.
Бул масштабдуу нааразычылык акциялар "Баарына бөгөт коёбуз" деген ураан алдында өтүүдө. Алар өкмөттүн катаал үнөмдөө чараларынын негизинде өтүүдө.
