Укук коргоочу Рита Карасартова 5 жылдык пробация менен абактан бошотулду
Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартовага карата өкүм чыгарды. Сот жараяны жабык режимде өттү.
Мамлекеттик айыптоочу Карасартованы күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Бирок сот укук коргоочуну 5 жылга пробация менен бошотуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле ага 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгилей кетсек, 14-апрелде укук коргоочунун үйүндө тинтүү болуп, Карасартованы Чүй ОИИББинин кызматкерлери кармап кетишкендиги айтылган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:59
2025-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















