Казакстанда мектеп окуучусунун мушташтан кийин көзүнүн көрүүсү начарлаган
Казакстандын Актөбө шаарында теңтуштары менен мушташтан кийин 16 жаштагы өспүрүмдүн оң көзүнүн көрүүсү 75 пайызга начарлап калды. Ал операция болуп, узак реабилитациядан өтүүгө тийиш. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жабыркаган өспүрүмдүн жакындары полициядан кылмыш ишин кайрадан толук иликтөөнү талап кылышууда. Башында "Бейбаштык" жана "Ден соолукка орточо зыян келтирүү" беренелери менен иш козголгон. Бирок кийин "Бейбаштык" боюнча териштирүү токтотулган.
Полициянын айтымында, учурда кошумча экспертиза дайындалып, иликтөө уланууда. Окуя 29-июнда Актөбөдөгү Авиагородок кичи районунда болуп өткөн. Камералардан өспүрүмдүн топ балдарга каршы коргонуп жатканы, бир маалда бетине урган соккудан көз айнеги сынып, сыныктар көзүнө тийгени көрүнгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















