super.kg logo

Сокулукта жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип эки адам кармалды

 

Чүйдүн Сокулук районундагы жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы Кадастр мамлекеттик мекемеси) Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкери жана "жер мафиясы" деп аталган уюмдун өкүлү ич ара кылмыштуу бүтүмгө келишип, жер тилкелеринин мурунку ээлеринин атынан менчик укугун берүүчү документтерди мыйзамсыз жасап, башка адамдардын атына каттоодон өткөрүшкөн.

Жасалма документтердин негизинде жер мафиясынын өкүлдөрү Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтүнүн (учурда Бишкек шаарынын курамында) аймагындагы жалпы аянты 15 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп беришкен.

Кармалган шектүүлөр тергөө абагына киргизилди. Учурда "жер мафиясы" деп аталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери уланууда.






Сокулукта жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип эки адам кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: