Сот экс-депутат Эмил Жамгырчиевге карата ишти Башкы прокуратурага өткөрдү
Бишкектин Биринчи райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевге карата ишти Башкы прокуратурага кайтарды. Маалыматты райондук соттон билдирди.
"Ушул жылдын 29-июлунда Биринчи май райондук сотунун токтому менен Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча Ж.Э.Э.ге карата козголгон кылмыш иши тергөө аракеттерин жүргүзүү жана жаңы айыптоо актысын түзүү же айыптоонун квалификациясын өзгөртүү үчүн башкы прокуроруна кайтарылды", - деп билдирди соттон.
Эске салсак, 2023-жылы 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.
10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.
24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, Жамгырчиевди 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Жыйында Жамгырчиев өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон.
Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















