Бишкекте жерге байланыштуу бир катар аткаминерлер кармалды








Бишкекте айыл чарба багытындагы ири жер тилкелеринин ээлери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тартылган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2007-жылдан бери бул жер ээлери 141 гектардан ашык айыл чарба жерлерин жеке курулуш курууга мыйзамсыз өткөрүп, андан ары үчүнчү жактарга сатышкан. Аталган жер тилкелер Көк-Жар конушунда жайгашкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 43 жаштагы Энергетика министрлигинин алдындагы энергетикалык көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы, 53 жаштагы "ТТ ГЭС" ЖЧКсынын директору, 43 жаштагы "ТТ ГЭС" ЖЧКсынын башкы энергетиги, 64 жаштагы Энергетика министрлигинин энергетика надхору кызматынын башкы адиси, 48 жаштагы Бишкек шаарынын мэриясынын "Кил-Жар" МАБынын мурдагы башчысы, 65 жашагы "Добулбас" КБнын жетекчиси жана 63 жаштагы жаран камакка алынды.


