УКМК кызматкерлерибиз дешип... Бишкекте жаран 6 миллион 900 миң сомун алдырып жиберген
Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектелип 17 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 11-сентябрь күнү белгисиз адамдар телефон чалып, өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, анын атынан "Ата-Мекенди коргоочулар фондуна" акча каражаттары которулуп жатканын айтышып, бул аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тарыларын эскертип коркутушкан. Алар жабырлануучудан 6 миллион 900 миң сомун банктык терминал аркылуу котортуп алышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Кармалган шектүү камакка алынды. Ал уюлдук байланыш операторлоруна таандык СИМ-карталарды жана банк карталарын активдештирип, дропперлердин кылмыштуу аракеттерин көзөмөлдөп келгенин айтты.
Учурда алдымчылык схемасынын бардык катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.
Алдамчылыкка шектелип 17 жаштагы улан кармалды


