Беш-Таш жаратылыш паркында бугулардын саны көбөйүүдө
Талас облусундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында бугулардын саны 60 башка жетти. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирип, 2022-жылы Алтайдан жапайы жаныбарлар дүйнөсүн байытуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында 35 бугу алып келингенин эскертти."Беш-Таш жаратылыш паркы 1996-жылы негизделип, жалпы аянты 32 411 гектарды түзөт. Парк аймагында 800дөн ашуун жогорку даражалуу өсүмдүк түрү өсөт жана көп сандагы жапайы жаныбарлар жашайт: бугу, түлкү, кунас, илбирс, улар, барс, түркстан сылагы, кумай, балабан, бүркүт жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар. Беш-Таш дарыясында осман балыгы да жашайт.
Жаратылыш паркы экотуризмди өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Алдыдагы жылдарда калк жана чет элдик туристтер үчүн экологиялык таза шартта эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана региондун уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо багытында иштер жүргүзүлөт", - деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















