Бишкектеги Нүзүп бийдин атына тургузулган эстеликтеги жазуу кызуу талкууда
Кечээ, 19-сентябрда Нүзүп бий Эсенбай уулунун Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабына орнотулган эстелигинин ачылылышы болду. Айкелди пайдаланууга берүүгө катардагы кызматкерлер эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жогорку бийликтин өкүлдөрү катышты.
Ачылышта Нүзүп бийдин кыргыз элине, жерине жасаган эмгеги айтылып, анын басып өткөн жолу өрнөк экендиги белгиленди. Бирок коомчулукта анын ачылышы эмес, анда кеткен ката кызуу талкууга түштү.
"Эл оозунда элек жок" демекчи, интернет желесиндеги коомчулук түрдүү пикирге түшүп, айкелди жасагандар, ага милдеттүү болгон адамдар туулган жылы менен өлгөн жылынан кийин тиренин жоктугун, азыркы жазуу башка маанини туюндуруп жаткандыгын кантип сезбей калышканына таңыркап жатышат.
Ошондой эле миңбашы бир бүтүн сөз экендиги да коомчулукта кеп болууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















