super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте автобуста кош бойлуу келинди сабаган аял кармалды

 

Бишкекте 212-автобустун жүргүнчүсүн сабаган келин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 19-сентябрда милицияга автобуста бара жаткан 30 жаштагы келин ур-тепкиге алынып, ооруканага жеткирилгени маалымдалды. Милицияга жабырлануучунун агасы арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары, окуя болгон учурдун видеосу социалдык тармактарда тарады. Анда сабалып жаткан келин кош бойлуу экендигин айтып жатканын байкоого болот.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Натыйжада 2005-жылы туулган М.С. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Анын жаш баласы бар жана кош бойлуу экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Алардын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: