Асан Жанышов чейрек финалга чыкты
Бүгүн, 20-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда балбан Асан Жанышов чейрек финалга чыкты.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта күч сынашууда.
Кыргыз балбаны 1/8 финалга чыгуу үчүн түркиялык Хасан Килинч менен кармашып, аны 6:5 эсебинде утуп алды. Ал эми чейрек финалга чыгуу үчүн азербайжандык балбан Ислам Аббасов менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңишке жетти.
Жанышов эми чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипиани менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















