Бишкек мэриясына арыктарды жана каналдарды тазалоого 67 миллион сомдук техника келди
Бишкек шаарынын мэриясына ирригациялык тармактарды реконструкциялоону, тейлөөнү жана башкарууну жакшыртуу, борбордогу дарыялардын нугун жана каналдарын тазалоо үчүн атайын техникалар берилди. Бул Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында тапшырылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
9 атайын техниканын ичинде экскаваторлор, самосвалдар, ылай соргуч жана канализация тазалоочу жабдыктары бар комбинацияланган жүк ташуучу бар. Алардын жалпы баасы болжол менен 67 миллион сомду түздү.
Техникалар шаардык экосистеманы чыңдоого, ирригациялык тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган.
Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















