Шанхай театралдык институтунда биринчи жолу докторантурага робот кабыл алынды
Гуманоиддүү робот Xueba 01 Шанхай театралдык институтунун докторантурасына окууга тапшырды. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги билдирди.
Ал 4 жыл бою сахна искусствосу факультетинде "Санариптик көрүнүштөрдү дизайн кылуу" адистиги боюнча окуйт. Робот негизги кыймылдарды, көнүгүүлөрдү жана Кытайдын салттуу операларын аткаруу техникасын үйрөнөт.
Xueba 01 роботу Шанхай политехникалык университети менен Шанхай театралдык институту биргеликте мультимодалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү билдирүү жана когнитивдүү өсүү сыяктуу эксперименталдык окутуу методдорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн. Роботтун бою 1,75 метр, салмагы 32 килограммды түзөт. Ага көк көйнөк кийгизилген.
Ли Цинду аттуу долбоордун илимий жетекчилеринин бири роботтун "алдыңкы эң жеңил биомиметикалык байламталар структурасына" ээ экенин жана адамдын жүзүнүн 100дөн ашык ар кандай мимикаларын көрсөтө ала турганын айтты. Ошондой эле ал өзүнүн бою менен көрүнүшүн жөнгө салып, аудиториянын реакциясына жараша өз көрсөтүүсүн реалдуу убакытта адаптациялай алат жана дээрлик чексиз стилдерди сунуштай алат.
"Азырынча ал Хэнань, Шанхай жана Пекин операларынын ролдорун аткара алат, бирок кыймылдары дагы деле эстетикалык кооздукка жетишпейт. Бизге аны профессионал аткаруучулардан үйрөнтүүгө туура келет",- деди Ли Цинду.
Эске салсак, август айынын башында South China Morning Post басылмасы Xueba 01 биринчи жолу университеттин аспирантурасында окууга кабыл алынганын кабарлаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















