super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ооганстандагы "Баграм" аба базасында жарылуу болду   

 

Ооганстандын Парван облусундагы "Баграм" аба базасынында жарылуу болду. Бул тууралуу Afganistan International телеканалы булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жарылуу аскердик объекттин чыгыш жагында болгон. Азырынча жарылуунун себептери айтыла элек. Телеканал кошумчалагандай, адистер табылган жардыруучу заттарды көзөмөлдөшүүдө.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында Вашингтон "Баграм" аба базасын кайра көзөмөлгө алууну пландап жатканы тууралуу билдирген. Ал Ооганстан бул нерсеге макул болбосо, анын кесепеттери болорун эскерткен.

2001-2021-жылдары "Баграм" аэродрому АКШ жетекчилигиндеги эл аралык коалициянын эң чоң базасы болуп саналган, ал эми 2021-жылы 15-августта база "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: